Экологиялык көйгөйлөр кар сыяктуу өсүп жатат, аны ар бирибиз өзүбүз башыбыздан өткөрүп жатабыз жана жакынкы келечекте дагы көбүрөөк башыбыздан өткөрөбүз. Биздин азыркы экономикабызда адамдар жердин байлыктарын казып алып, андан продукция жасап, пайдаланып, акыр-аягында таштанды катары ыргытып жатышат. Бул процесс сызыктуу. Эгерде биз ресурстарды керектөөнүн сызыктуу моделинде иштей берсек, анда 21-кылымдын 30-жылдарынын ортосуна карата бизге планета камсыз кылгандан эки эсе көп ресурстар керек…