«Экодом на быстротоке» көрсөтмөлүү окуу борбору Лебединовка айылында (Бишкек шаарынын четинде) жайгашкан. Бул жерде сиз күн технологияларын, тамчылатып сугаруу, балык резервуарларды жана органикалык айыл чарба жерлерин көрө аласыз. Ал эми үйүбүз канализацияны өзү тазалайт. Бул компоненттердин баары бири-бири менен байланышта болуп, бир звенонун калдыктары экинчисине «тамак» болуп калат.
Демо-борбор «АКМЕНА» бейөкмөт уюму тарабынан шаардын четиндеги жашоочулар, фермерлер, аялдар жана жаштар арасында регенеративдик айыл чарбасы жөнүндө билимди жайылтуу жана азыктандыруучу заттардын жабык цикли менен чакан жана орто үй чарбаларынын тармагын өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
Биздин миссия - үй чарбаларында энергияны үнөмдөөчү калдыксыз системаларды түзүүнүн кызыктуу процессине мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды тартуу.
Эко-үйдө конокторго эмне сунушталат?
• Экология, экономика, жаратылышты калыбына келтирүү жана Кыргызстанда эко-конуштарды түзүүнүн келечеги боюнча эксперттердин лекциялары.
• Территория боюнча экскурсия.
• Күн энергиясын пайдалануу боюнча мастер-класс.
• Шаар шартында балык өстүрүү боюнча мастер-класс.
• Сууну үнөмдөөчү сугат боюнча мастер-класс.
• Органикалык дыйканчылык боюнча мастер-класс.
• Таш сүрөт искусство студиясы жана башка чыгармачылык сессиялар.
• Лабораториялык жабдуулар менен илимий шоулар жана демонстрациялар.
ЭКО ҮЙГӨ ВИРТУАЛДЫК ТУР
БАЙЛАНЫШ:
Дарек: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, көч. Северная 139, Лебединовка айылы.
E.mail: [email protected] WhatsApp: 0553406062