
«Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси «Кыргызстандын жаңы конуштарындагы жашоону жакшыртуу үчүн Аракет» долбоорунун алкагында «Фотожурналисттер бирлиги» коомдук бирикмеси жана «ЭкоМиР» (Экологиялык мониторинг жана иликтөөлөр) коомдук фонду менен биргеликте шаар тургундарын социалдык-экологиялык тематикадагы фотосүрөттөр сынагына катышууга чакырат.
Фотосүрөттөр сынагына Кыргызстандан кесипкөй жана ышкыбоз фотографтары катыша алышат.
Сынакка катышуунун негизги шарты: сынактын курчап турган айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга арналган тематикасына чын дилден кызыгуу жана кайдыгерлик менен карабоо, ошондой эле татыктуу жаркын сюжетти камсыз кылуу.
Сынактын максаттары:
- Калктын жана мамлекеттик бийлик органдарынын көңүлүн айлана-чөйрөнүн көйгөйлөрүнө буруу аркылуу коомдо экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жаратылыш ресурстарына жана тирүү дүйнөгө аяр мамиле жасоону калыптандыруу.
- Кыргызстандагы негизги экологиялык көйгөйлөр тууралуу кеңири аудиториянын, коомчулуктун жана чечим кабыл алуучу адамдардын маалымдуулугун жакшыртуу, республиканын жашоочуларынын жалпы маданий деңгээлин көтөрүү жана алардын чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү.
Багыттар:Биз сынактын катышуучуларына фото үлгүлөр аркылуу төмөндөгү темалар боюнча айланабыздагы экология темасында ой жүгүртүүнү сунуштайбыз:
- Бишкектин жаңы конуштары, стихиялуу курулуш (жердин бөлүнүшү), техногендик кыйроолор учурунда жана андан кийин биологиялык ар түрдүүлүктү, ландшафттарды жана жаныбарлар дүйнөсүн жоготуу;
- абанын булганышы, таза суу маселеси, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын акваториясында экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору;
- капилет таштанды жайлар, өнөр жай таштандылары, шаардык мейкиндиктин булганышы жана башкалар;
Же сүрөттөргө кыскача түшүндүрмө берилген шартта, бул жерде эске алынбаган башка экологиялык маселелер.
Фотосүрөттөргө талаптар:
- Бир катышуучу сынакка 5 сүрөткө чейин жөнөтө алат, катышуучулардын жаш курагы чектелбейт;
- Сүрөт автордуку болушу керек. Сынакка өз эмгегиңизди тапшыруу менен сиз бул сүрөттүн автору экениңизди жана эч кимдин автордук укугун бузбай турганыңызды ырастайсыз;
- горизонталдык режимдеги фотосүрөттөргө артыкчылык берилет, чыгармаларда кандайдыр бир автордук штамптар, автордук белгилер, кошулган алкактар ж. б. болбошу керек;
- Фотосүрөт экологиялык тематикага жана конкурстун жарыяланган темаларына шайкеш келүүгө, теманы ачуунун актуалдуулугуна жана тереңдигине, экологиялык мааниге ээ болууга тийиш;
- Фотосүрөт жогорку сапаттагы кысуу менен JPEG форматында болушу керек, файлдын көлөмү 3 МБдан кем эмес жана 15 МБдан ашпашы керек;
- Эмгектер электрондук почта дарегине (
[email protected] Владислав) жөнөтүлөт. Фотосүрөткө кошумча .doc, .docx форматында документ жөнөтүлөт, анда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
1) Чыгарманын авторунун толук аты-жөнү, анын байланыш маалыматтары – телефон номери, социалдык тармакка шилтеме;
2) Берилген эмгектин автордук аталышы;
3) Анкета. Анкета чыгарманын сюжетин жакшыраак түшүнүүгө жана ачууга жардам берген кыскача автордук текстти (кол тамгасы – эссе) камтууга тийиш. Тексттин көлөмү – А4 барагынын жарымынан көп эмес
Конкурстун уюштуруучулары конкурстун мыкты эмгектеринин брошюраларын жана альбомун басып чыгарууда, ошондой эле фотокөргөзмөнүн алкагында мыкты эмгектерди интернетмейкиндикте, «ЭкоМиР» фондунун сайттарында, конкурсту региондордо өткөрүү боюнча өнөктөштөрдүн сайттарында, ЖМКда көрсөтүү үчүн конкурстук иштерди коммерциялык эмес пайдалануу укугун өздөрүнө калтырышат.
«Ракурста жаңы конуш» экологиялык сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары төмөнкүдөй байгелерге ээ болушат:1-орун – 25000 сом
2-орун – 15000 сом
3-орун – 10000 сом
Бардык активдүү катышуучулар уюштуруучулардан эстелик белектерин алышат.
Жыйынтыгын сынактын уюштуруучуларынын өкүлдөрүнөн, фотосүрөтчүлөрдөн, экология жана жаратылышты коргоо жаатындагы адистерден турган компетенттүү калыстар тобу чыгарат
Иш-чаранын этаптары:Катышуучулардын арыздарын жана эмгектерин кабыл алуу: 2023-жылдын 15-ноябрынан тартып.
Эмгектер 2023-жылдын 30-ноябрын кошо алуу менен саат18:00гө чейин кабыл алынат.
Иш-чаранын жыйынтыгын жарыялоо: 2023-жылдын 5-декабры.
Сынактын бардык активдүү катышуучулары уюштуруучулардан эстелик белектер менен сыйланышат жана 2023-жылдын 8-декабрында өткөрүлө турган экотурга жана 11 жаңы конуштан (Бишкек-Ош) делегаттар форумунун күнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик институттардын жана өнөктөштөрдүн катышуусу менен өткөрүлө турган конкурстук эмгектердин тематикалык фотосүрөт көргөзмөсүнө чакырылат (кошумча кабарлайбыз).
Фотосүрөт конкурсу боюнча суроолоруңуз барбы? Биз аларга чын дилден жооп берүүгө даярбыз:Владислав Ушаков, конкурстун координатору, тел.: 0 777 900 140, эл.почта:
[email protected]Бегайым Алгожоева, «Аракет» долбоорунун координатору, тел.: 0 707 980 003, эл.почта:
[email protected] Юлия Саломатина, «Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмесинин PR-адиси ОО, тел.: 0770 89 18 06,
эл. почта
[email protected] Биздин социалдык тармактар: Инстаграм: @rce.kg, Фейсбук:
www.facebook.com/rce.kg Биздин сайт:
www.rce.kg Биздин хештегдер: #Аракет #Araket #жаңы конуштар # бишкек МААЛЫМАТ КАТАРЫ: «Кыргызстандын жаңы конуштарындагы жашоону жакшыртуу үчүн АРАКЕТ» долбоору — Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги тарабынан каржылануучу жана GFA Consulting Group GmbH (Германия) компаниясы тарабынан Кыргызстанда бир нече жергиликтүү өнөктөштөр: Улгайгандар үчүн ресурстук борбор, Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору, «Арыш» коомдук бирикмеси, «MSDSP KG» коомдук фонду жана Кыргызстандагы социалдык инновациялар лабораториясы (SILK) менен кызматташтыкта ишке ашырылуучу долбоор.
Долбоордун максаты - жаңы конуштардын тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу жана аялуу катмарын азайтуу. Долбоор пландаштырылган акыркы натыйжасы аркылуу жалпы максатына жетүүгө умтулат: жаңы конуштардын жашоочулары өз укуктарын коргоого, мамлекеттик/коомдук кызматтарга жеткиликтүү болууга жана экономикалык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышты.
Долбоордун биринчи фазасын ишке ашыруунун жүрүшүндө негизги натыйжаларга жетишүү стратегиясы үч негизги багытка (компонентке) негизделет, алар боюнча долбоордун үч аралык жыйынтыгы аныкталат:
1-аралык жыйынтык: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаңы конуштарда пайда болгон көйгөйлөрдү/муктаждыктарды чечүү үчүн ыкчам аракеттенишет.
2-аралык жыйынтык: жаңы конуштун жашоочулары мамлекеттик/коомдук кызматтарга, маданий, спорттук жана эс алуу иш-чараларына жеткиликтүү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу.
3-аралык жыйынтык: жаңы конуштардагы аялдар үчүн жумушка орношуу/ киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши.
«Аракет» долбоору 2022-жылы баштапкы этапта тандалып алынган 11 максаттуу жаңы конушта ишке ашырылат: Бишкек шаарындагы 7 жаңы конушта: Дордой-2, Ак-Ордо-2, Ак-Ордо-3, Ала-Тоо-3 (Эркин-Тоо), Алтын-Казык, Адилет жана Ак-Жар, ошондой эле Ош шаарындагы 4 жаңы конушта: Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жана Манас-Ата кичи районундагы жатаканаларда.